Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медицина кызматкери коронавирус илдетин жуктуруп алды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек шаары - 4
Ал эми бир суткада стационардан 2, үй карантининен 3 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 илдетин 4 миң 303 медицина кызматкери жуктуруп алган. Алардын ичинен 4 миң 231 медкызматкер айыгып чыкты.