Баткенде Орусиядан келген кош бойлуу жана баласы бар аялдар обсервацияга жаткырылды

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынар Саттарова бүгүнкү онлайн жыйында Москвадан келген кош бойлуу аялдардын 60ы Баткен облусунун тургундары экенин билдирди.

"Баткен облусунда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 29га жетти. Алардын 20сы сырттан келгендер. Жалпы 29 ооруган адамдын 25и айыгып чыкты. Төртөө учурда дарыланып жатышат.

Орусиядан кош бойлуу аялдарды алып келген чартердик каттамда Баткен облусу боюнча 64 кош бойлуу жана балдары бар аялдар келишти. Алардын 40ы түндө келип, обсервацияга жаткырылды. Азыр жолдо 24ү келе жатышат. Алардан эки жолу анализ алынып, төрт күн обсервацияга жаткандан кийин гана үй карантинге алынат", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан