Коронавирус аныкталган бейтаптардын 48 пайызы ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдын жыйыны учурунда белгиленгенин өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өлкөдөгү азыркы эпидемиологиялык абал тууралуу айтып берди.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баса белгилегендей, аймактарда обсервациялык жайлар жарандарды кабыл алууга даяр турууга тийиш.
"Тиешелүү мамлекеттик органдар мекендештерибиздин өлкөгө кайтуусу үчүн каттамдарды уюштуруу маселелерин иштеп жатышат. Аймактарда обсервация жайларынын жарандарды кабыл алууга даярдыгын камсыз кылуу зарыл. Жергиликтүү бийлик органдары кечээ жакында Новосибирсктен келген жарандардын жашоо шарттарын көрүп чыгууга, зарылдыгына жараша алар үчүн карантиндик эрежелерди мындан ары сактоого обсервациялык орундарды даярдашы керек", - деди Кубатбек Боронов.
Мындан тышкары жыйында байланышкан адамдар менен иштөө боюнча мындан аркы иш-аракеттер талкууланды. Тармактык органдарга калктын аярлуу катмары жашаган жаңы конуштардын, райондордун жашоочулары арасында тестирлөө маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.
Жергиликтүү бийлик органдарына Новосибирсктен келген жарандар үй карантинине жайгаштырылган болсо, алардын жашоо шарттары менен дыкат таанышып чыгуу милдеттендирилди.