Коңшу Казакстанда акыркы суткада 1600дөн ашык адам COVID-19 илдетине кабылды

Коңшу Казакстанда акыркы суткада 1 миң 630 адамдан COVID-19 илдети тастыкталды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Анда бир сутка ичинде аталган өлкөдө 1миң 630 адам коронавирус диагнозу менен катталган. Алардын 885и оорунун симптомдорун алып жүрүүчүлөр болсо, 745и вирустун симптомдору жок алып жүрүүчү бейтаптар болгон.

Бүгүнкү күндө Казакстанда эпидемия башталгандан бери 73 миң 488 адам COVID-19 илдетин жуктуруп алган. Алардын эң көбү төмөнкү аймактардан катталган:

  • Алматы шаарында - 9394;
  • Атырау облусунда - 9283;
  • Нур-Султан шаарында - 8619;
  • Караганды облусунда - 7226 калгандары башка аймактардан аныкталган.

43 миң 401 бейтап оорудан сакайса, тилекке каршы, 585 адам кайтыш болгон.

Жон Хопкинс университети түзгөн коронавирус боюнча дүйнөлүк статистикада Казакстан 29-орунда турат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан