Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк кан-тамыр хирургия илимий борборунун кардиология бөлүмүнө белгилүү кардиолог Абдивали Исраиловдун ысымы ыйгарылды.
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, медицина илимдеринин доктору, кардиохирург, илимий борбордун директору Калдарбек Абдраманов кабарлады.
Айтымында, Исраилов илимий борбордогу бөлүмдү негиздеп, 32 жыл жетекчи болгон.
"Абдивали ага өмүрүнүн акыркы мүнөтүнө чейин бейтаптары менен болуп, 100 миңден ашык адамдын өмүрүн улап, чыныгы Кыргыз эл баатыры деген наамга татыктуу инсандардын бири эле!
Сиз, кесиптештердин, Жалал-Абад элинин эсинде түбөлүк каласыз!", - дейт кардиохирург.