Министрлик: "Кытайдан Кыргыз өлкөсүнө келген 12 студент бокс палаталарга жаткырылды"

Бүгүн, 29-январга карата республикадагы эпидемиологиялык абал туруктуу, коронавирустун тастыкталган учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлайт.

Бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоо уюмдарынын боксташтырылган палаталарына бардыгы болуп 12 адам жаткырылган. Алардын бардыгы тең Кытайдын жогорку окуу жайларында билим алган студенттер. Ысык-Ата аймактык ооруканасында 6 адам, Москва аймактык ооруканасында 6 студент үзгүлтүксүз медициналык кароодон өтүп жатат. Бардыгынын тең абалы канааттандырарлык, коронавирустун клиникалык белгилери жана симптомдору табылган жок.

Белгилей кетсек, жугуштуу оорулардын стандарттарына ылайык, вирус табылган аймактардан келген адамдар так диагноз коюлганга чейин керектүү болгон лабораториялык изилдөөлөрдөн өтүүсү керек.

Маалымат үчүн:

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 2020-жылдын 28-январына карата берген маалыматына ылайык:

Дүйнө жүзү боюнча тастыкталган учурлар – 4593, анын ичинде Кытайда – 4537 (98.8%);

Шек туудурган – 6973; оор акыбалдагылар – 976 (21.2%);

Кытайдан тышкаркы аймактарда тастыкталган учурлар – 56 (1.2%). Вирус катталган өлкөлөр – 14.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
murat17
2020-01-29 17:57:08
эгер чын болсо анда жакшы
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан