Депутат Дастан Бекешев педофилдерди химиялык кастрациялоо боюнча мыйзам долбоорун кароону сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында балдарды зордуктаган кишилерди химиялык кастрациялоо боюнча мыйзам долбоорун алып чыккан. Мыйзам долбоору өткөн эмес. Президент колдогон эмес. Бул мыйзам долбоорун кайрадан чыгаралы", - деди ал.