Өлкөдөгү "Скай мобайл" ("Билайн" соода маркасы) компаниясынын бир нече кызматкеринен коронавирус аныкталды. Маалыматты SUPER.KG порталына компаниянын PR кызматынын башчысы Марина Ким тастыктады.
"Биздин кээ бир кызматкерлер жана компаниянын башкы директору Евгений Кражандан COVID-19 аныкталды. Башкы директордо оору белгиси жок өтүүдө. Калган кызматкерлердики дагы жеңил формада экени айтылды. Андыктан бардыгынын абалы жакшы. Учурда алар изоляцияга алынып, медициналык көзөмөлдө турушат. Кызматкерлер менен байланышта болгон адамдар дагы анализ тапшырышты", - дейт Марина Ким.
Бүгүн, 15-июнга карата өлкөдө дагы 87 адамдан коронавирус аныкталды, анын жарымынан көбү Бишкекте катталган. Бул соңку 3 ай ичиндеги коронавирус жуктуруп алуу боюнча эң жогорку көрсөткүч.