
Нарын облусунда Нарын дарыясына түшүп кеткен эркек киши изделүүдө. Ал кечээ, 15-апрелде сууга түшүп кеткенин ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Министрликтин маалыматына ылайык, Нарын шаарында дарыяга эркек киши (аты-жөнү такталууда) түшүп кеткендиги тууралуу маалымат куткаруучулар бөлүмүнө келип түшкөн. Издөө иштерин жүргүзүүгө 5 куткаруучу тартылган. Азырынча изделип жаткан жаран табыла элек.