Уу коргошун тууралуу айтылган пикирлерге байланыштуу бүгүн, 16-апрелде саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын өткөрүп жатат.
Анда министр өзү уу коргошунду камера алдында ичип көрсөттү.
"2020-жылы 2-мартта Садыр Жапаров экс-президент Сооронбай Жээнбековго кат жазган. "Учурда коронавирус оорусу менен ооруп жатышат. Ошол ооруну токтотуш үчүн кыргыз эли кылымдардан бери колдонуп келе жаткан уу коргошунду берсек айыгышат" деген. Оорулар токтойт деген. Бирок ал кездеги президентибиз ал катты окуп да койбоптур. Садыр Нургожоевич мага кайрылып "ушу менен туугандарымдын баарын айыктырдым, сен да айыктырып көрбөйсүңбү?" деген. Мен ал кезде жөн гана дарыгер болуп иштечүмүн. Алгач туугандарыма бердим. Туугандарым айыкты. Садыр Нургожоевичке азыр кайрылдым, сиз мага өзүнүн дозасы менен даярдап бериңиз деп. Себеби атасы кандай жасаларын үйрөтүп кеткен экен", - деди Бейшеналиев.