"Уу коргошунду колдонуп, коронавирус менен ооруган 300 бейтапты айыктырдык" дейт министр

Бүгүн, 16-апрелде саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев талкууга түшкөн уу коргошун тууралуу маалымат жыйын өткөрдү. Ал маалымдагандай, кечээтен бери айтылып жаткан уу коргошунду алар бейтаптарга берип көрүп эксперимент жүргүзүшкөн жана жыйынтык күтүлгөндөй болгон.

"Коронавирус менен ооругандардын эң көп тынчсыздануусу "өлүп калам го" деген коркунучу болду. Аны ичкенден кийин бейтаптардын уйкусу да жакшы болуп жатат. Эртеси күнү алар бизге дагы бергиле деп суранып жатышат.


Кыйналып, пневмония болуп какырыгы чыкпай жаткандардын какырыгы чыгып, дем алуулары жакшырып калып жатат. Ошентип биз азыркы кезде коронавирус менен ооруган 300 бейтапты сакайтып чыгардык. Өлкөнүн бардык жеринде дарыгерлерди чакырып алып кандай ичиш керектигин үйрөтүп, ар бир дарыгер өзү жооп берип, кепилдик алып бейтаптарга берүүдө гана жыйынтык болуп жатат", - деди министр.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
algakaray
2021-04-16 15:31:44
Уу коргошундун баасы осот экен да.
0
modem4999
2021-04-16 15:46:20
Мына онугот деген ушул.
-1
assanov97
2021-04-16 17:28:24
Литр канча сом экен
+4
nazira...
2021-04-16 20:57:52
assanov97,литр эмес, муздак ичсен өлөт экенсин, ыссык ичиш керек экен. Хиджама деп чыгышты эле, ал болбойт бекен не?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан