Эртең, 18-апрелде Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда маал-маалы менен жаан, тоолуу аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-апрелде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй, Талас облустарында түнкүсүн 4...9, күндүз 16…21;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16;
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 19…21 градус болот.