Бүгүн, 19-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунун Савай айылынын жашоочулары менен жолугушуу өткөрүүдө.
Буга чейин 1-апрелде Кара-Суу районундагы 50 гектар жерди Өзбекстанга өткөрүлүп берилет деген имиштер боюнча жергиликтүү бийликке бир нече жолу кайрылгандан кийин митинг өткөн.
Митингге чыккандар Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы тоого боз үй тигип, желектерди илишкен. Ошол эле учурда митингчилер УКМКнын башчысы менен жолугушууну талап кылышкан.