Республика боюнча бир сутка ичинде 225 адамга коронавирус диагнозу коюлду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарыЖалалидин Рахматуллаев брифинг берип жатып билдирди.
Анын айтымында, илдет жаңы аныкталган жарандардын 117си Бишкек шаарында катталды. Калгандары башка аймактардан жуктуруп алышкан:
Чүй облусу - 82
Ош облусу - 4
Талас облусу - 1
Нарын облусу - 4
Ысык-Көл облусу - 12
Жалал-Абад облусу - 5
Өлкөдө пандемия катталгандан бери 92 миң 320 адам коронавирус илдетин жуктуруп алган.