"Бейтаптар узак убакыт бою кайнатманы дары катары ичип жүрүшкөн". Уу коргошунга уулангандар боюнча министрлик маалымат таратты

Буга чейин уу коргошундан бир аял менен бир киши ууланганы өздүк булактар тарабынан белгилүү болгон. Бирок уулангандар боюнча Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен маалымат алуу мүмкүн болбой жаткан.

Саат 18:50гө карата министрликтен уу коргошундан уулангандар боюнча билдирүү таратты.

"20-апрелде Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна оор абалда бир үй-бүлө мүчөлөрү (1950-жылы туулган О.К., 1955-жылы туулган С.Т.) кайрылган. Аларга алдын ала "аконит менен уулануу, ритмогендик шок" диагнозу коюлган. Бейтаптардын айтымында, алар узак убакыт бою кайнатманы дары-дармек катары ичип жүрүшкөн. Аялда шишик пайда болгондугуна байланыштуу бир күн мурда кайнатманын өлчөмүн көбөйткөн. Бейтаптарга тиешелүү жардам көрсөтүлгөндөн кийин жүрөк-кан тамырдын иши калыбына келип, жабыркагандардын абалы турукташты. Учурда интенсивдүү дарылануудан өтүп жатышат", - дешти министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Shabi
2021-04-20 19:45:20
Ааай Садырынар дуйного шылдын болмой болду го
+4
Zumrudianka
2021-04-20 20:08:30
Shabi,шымынды булгап алсан да Садырынар чычырып салды деп отура бер
+1
Shabi
2021-04-20 21:08:42
Zumrudianka,шымымды булгаганда айтам,азырынча шымымды булгадым садыр куноолу деп айтпайлемин.ошол садыр авандын даарысынан ууланып жатса садырды куноолойбуз да,андан башка даары ойлоп тапкыч окумуштуулар жок болуп жатпайбы
+4
Mister-XXX
2021-04-21 03:07:37
Shabi,Дүйнөдөгү ар мамлекеттердин ойлоп тапкан вакциналарынан жүздөгөн адамдар өлдү го.Алар дүйнөгө шылдың болбой эле,биз шылдың болуп калабызбы?
-2
Dembele84
2021-04-21 05:47:15
Mister-XXX,Сен ичтинби ошону айтчы?Пахта койгондун ордуна коргошундан ичип алчы сайрабай!
+3
Asyl.jazi
2021-04-20 20:33:40
Эгерде уу коргошун боюнча президент жана министр эч нерсе айтпаганда, мындай ууланууларды мынчалык поника кылбайт эленер
+1
portugalia
2021-04-20 22:44:35
Asyl.jazi,Узак убакыттан бери ичип журушкон деп жатат.Бул дарыны колдонгондор да бар арабызда.
+5
bond02
2021-04-20 20:44:42
Койгула э ушуну.
+3
Agayu
2021-04-20 21:53:54
Кыргызды уят кылгандан бут Садырга бут тоскон блогерлер, журналисттер: Озун патриот сезген акмак активистер. Вот ошолор уят кылды.
-2
Aida-11
2021-04-21 00:48:06
Бизге өзү эчтеке жакпайт экен да. Былтыр Жээнбеков бекинип жатып алды дедиңер эле....Эми болсо президентибиз элге жардам болуп калаар деген үмүт менен өзүнүн билген, колдонуп жүргөн даарысын айтып, күйүп жатса аны да жөн койбостон шылдыңдайсыңар....Азыр дүйнө жүзү боюнча ковидге даары таба албастан чабалактап жатышат, а биз деле өзүбүз үчүн аракет кылсак эмнеге күлүп шылдыңдайбыз түшүнбөйм. Бир арыбыз жок, эч ким жакпаган эл болуп баратабызбы...бир ойлонуп көрбөйлүбү туугандар!
+3
Dembele84
2021-04-21 05:48:08
Пок болду биягы
+1
JaneEr
2021-04-21 09:57:22
Кыкендерге жакшылык жакпайт негизи,вечно не довольны
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан