Айзада Канатбекованын жансыз денесинин сүрөттөрү интернетке тарап кетиши боюнча укук коргоочулар жаза алышты

Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын жана анын өлүмүнө шектүү жарандын жансыз денелеринин сүрөттөрү коомчулукка жайылып кеткен. Бул боюнча кызматтык иликтөө башталып, анын жыйынтыгына ылайык, Аламүдүн РИИБинин бир катар кызматкерлери тартиптик жаза алышты. Бул туурасында Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Интернетке Айзада Канатбекованын киши колдуу болгон жеринен алынган сүрөттөрдүн тарашы, анын ичинде кылмыш болгон жерде жана кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда кол каптарын таштап, ишине орунсуз мамиле жасаган кызматкерлерди жоопко тартуу чараларын көрүү иши башталган.

Бүгүнкү күндө кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы чыгып, Аламүдүн РИИБинин бир катар кызматкерлери тартиптик жазага тартылышты. Ага ылайык, өзүнүн кызматтык милдеттерине карата туура эмес мамилеси үчүн милициянын лейтенанты А.Экеевге жана милициянын майору К.Самаевге катуу сөгүш берилди.

Кызматтык милдеттерине абийирсиз мамилеси үчүн Аламүдүн РИИБинин соттук-медициналык жардам тобунун соттук инспектору, милициянын капитаны М.Янванчиновго кызматтык милдеттерин толук аткарбаганы жөнүндө эскертүү берилди", - дешти мекемеден.

Окуянын чоо-жайы:

27 жаштагы Айзада 5-апрелден бери дайынсыз болуп, сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада унаадан табылган.

Бишкек шаардык милиция кызды уурдоого шектүү алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирген.

Каза болгон кыз менен жигиттин сөөгүнө экспертиза дайындалды. Кийинчерээк Бишкек ШИИББинин жетекчилиги маалымат жыйын өткөрүп, Айзаданын өлүмүнө шектелген жаран 6 жылдан ашык түрмөгө отуруп чыкканын, үй-бүлөсү бар экенин маалымдады. Ошондой эле шектүүнүн үстүнөн 2 жыл мурун дагы бир кыздан арыз түшкөнү белгилүү болду.

Алгачкы маалыматтарга ылайык, Айзаданы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күч менен унаага салып кеткени тууралуу видео тараган. Тасма видео көзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер реакция кылышкан эмес.

Буга байланыштуу Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өткөн.

8-апрелде Айзаданын сөөгү Балыкчы шаарында жерге берилди. Аны уурдоого шектелгендердин бардыгы кармалды. Ошондой эле кармалгандар СИЗО-1ге камакка алынышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан