Түркия мамлекети коронавируска каршы ата мекендик өндүрүштөгү вакцинаны клиникалык сыноодон өткөрүүнү баштады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн вице-президенти Фуат Октай билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, вакцина Сельджук университетинин профессору Осман Эрганиш тарабынан иштелип чыкккан. Учурда аны клиникалык текшерүүдөн өткөрүү иштери жүрүүдө.
Белгилүү болгондой, Түркияда коронавируска каршы ата мекендик өндүрүштөгү 18 вакцина иштелип чыгууда. Алардын ичинен 4 вакцина клиникалык сыноодон өтүү этабында турат.