Өзгөчө кырдаалдар жана өзгөчө абал учурундагы укук бузууларга жоопкерчилик күчөтүлө турганы айтылды

Мамлекеттик, жергиликтүү бийлик органдарына өзгөчө кырдаалдар жана өзгөчө абал учурундагы укук бузууларга жоопкерчиликти күчөтүү каралган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылганын өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү жүргүзүлгөн иштер жөнүндө маалымат беришти.

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов ар бир Кыргыз жараны жакын адамынын жана коомчулуктун алдындагы жоопкерчилигин түшүнүүсү зарыл экенин белгиледи.

"Жергиликтүү бийлик органдары санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди, өзгөчө кырдаалдар жана өзгөчө абал режими маалындагы талаптарды бузгандар, дары-дармектин наркын жогорулаткандар, такталбаган маалыматтарды тараткандар, коменданттык сааттын эрежелерин бузгандар үчүн жаңы айыптар жана башка жоопкерчилик чаралары жөнүндө коомчулукка маалымат жеткирүү керек. Бардык жарандар, өзгөчө обсервация жана карантиндегилер жоопкерчиликти билүүсү керек жана аны унутпашы зарыл", - деди Кубатбек Боронов.

  • Кылмыш жаза кодексинин 280-беренесине ылайык, өзгөчө кырдаал, өзгөчө же аскердик абал режими киргизилген учурда санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайылап бузуу, эгерде бул массалык ооруга чалдыгууга, адамдардын уулануусуна алып келсе, II категорияда (2 жарым жылдан 5 жылга чейин) эркинен ажыратуу түрүндө жазага алып келет.
  • Жоруктар жөнүндө кодекстин 1191-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, өзгөчө кырдаал режиминин талаптарын бузуу үчүн 20 миң сомдон 30 миң сомго чейин айып пул же 3 айдан 6 айга чейин эркинен ажыратуу же 30 сааттан 40 саатка чейин коомдук иштерге тартуу түрүндө жаза каралган. Бул берененин 2-бөлүгүндө өзгөчө абал жана аскердик абал киргизилген учурдагы талаптарды бузуу үчүн 30 миң сомдон 60 миң сомго чейин айып пул же 6 айдан 1 жылга чейин эркинен ажыратуу, 40 сааттан 60 саатка чейин коомдук иштерге тартуу түрүндө жаза каралган.
  • Ошондой эле Жоруктар жөнүндө кодекси 1271-берене менен толукталган, ага ылайык, өзгөчө кырдаалдар режими шартында (карантин) чектөө эрежелеринин талабын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик киргизилет, бул үчүн 20 миңден 30 миң сомго чейинки айып пул түрүндө жазалоо каралган. Өзгөчө кырдаал же аскердик абал шартындагы ушундай жосун үчүн 30 миң сомдон 60 миң сомго чейинки айып пул салынат.
  • Бузуулар жөнүндө кодекске жаңы 491-берене киргизилүүдө, анда өзгөчө кырдаалдар, өзгөчө же аскердик абал режими учурунда дары-дармекти жогорулатылган баада сатуусу үчүн жоопкерчилик каралган. Аталган бузуулар боюнча айып пул боюнча төлөтүп алуу физикалык жактар үчүн – 10 миң сомду, юридикалык жактар үчүн 28 миң сомду түзөт.
  • Мындан тышкары өзгөчө кырдаалдар же аскердик абал учурунда өздүктү күбөлөндүрүүчү документтерисиз, атайы берилген өткөрмөсүз көчөдө же башка коомдук жайларда жүрүүсү үчүн 3 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган.
  • Өзгөчө кырдаал, өзгөчө же аскердик абал режимдери киргизилген жерлерде такталбаган маалыматты таркатуу жолу менен коомдук тартипти жана физикалык жактардын тынчтыгын бузуу аракеттери үчүн физикалык жактарга – 5 жарым миң сом, юридикалык жактар үчүн 17 миң сом айып пул каралат.
  • Өзгөчө кырдаал, өзгөчө же аскердик абал режимдери учурунда бааны мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген азык-түлүктөргө карата баа өлчөмүнүн негизсиз жогорулатылышы физикалык жактар үчүн – 10 миң сом, юридикалык жактар үчүн 28 миң сом өлчөмүндөгү айып пулга алып келет.

Штаб кеңешмесинин жүрүшүндө жергиликтүү бийлик органдарына, ИИМ жана Саламаттыкты сактоо министрлигине бир катар тапшырмалар берилди. Дагы бир ирет коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу боюнча иш алып барып жаткан кызматтардын бардык кызматкерлери өз учурунда жана толук көлөмдө тийиштүү жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалышы керектиги белгиленди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nakush
2020-04-04 00:44:48
Ажыдан келген адамдарды откоруп вирусту Кыргызстанга алып келгенге шарт тузуп чек арада бокту терип жеп отургандарга да айып пул салбайсынарбы????Дуйнодо вирус деп какшап жатышса ажыда бок барбыле кутуп кысып отуруптур вирус жоголгондо барабересин деп фирмалар уруксат бербей койсо болдуле,ооруну коруп билип туруп эле киргиздинер эми чардайып жаткыла айып пул айып пул деп....
+5
Chungyz
2020-04-04 00:57:09
акчалай жардам бергиле эч ким бул мыйзамынарды бузбайт жата беребиз продуктаны кылып алып
+3
Samatalibei
2020-04-04 09:40:36
Урматту кыргыз элим кату чара колдонбосо баш ийбей жатабыз сыртка чыксан салпактап эле журушот. Болор иш болду чек ара убагында жабылбады! Эми сактанбасак чыдап отурбасак анда вирустун саны кобойгондон кобойуп ар бириндин уйуно жетет! Азык тулук буйруса таркатылып жатат аракет кылгыла ач калбайт эчким ачык айтып соц сеттерге жарялагыла Оору менен ойношпойлу сактанайлы сураныч??
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан