Сузакта жер көчкүнүн активдешкени байкалып, 14 үй-бүлө көчүрүлдү

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагындагы Кара-Март айылынын Бай-Маала тилкесинде жер көчкүнүн активдешкени байкалып, 14 үй-бүлөгө кооптуулук жаралгандыгы байкалган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери тарабынан өтө кооптуу делген корутундусу чыгып, бүгүнкү күндө кооптуу аймакта жашаган 14 үй-бүлөдөн 5 үй-бүлөнү коопсуз аймактагы Кыз-Көл айыл аймагындагы Кара-Март, Кашка-Терек айылындагы үйлөрүнө көчүрүлдү.

Калган 9 үй-бүлөнү Сууга-Шел тилкесине көчүрүү үчүн ӨКМ тарабынан чатырлар бөлүнүп, айыл аймак тарабынан берилген жер тилкелерине уюштурулуп, чатырлар тигилип көчүрүлдү.

Бүгүнкү күндө кооптуу аймактарда жашаган жарандарды коопсуз аймактарга көчүрүү боюнча Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан аким, мэрлерге атайын эскертмелер берилген.

Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан кооптуу аймактарда жашаган 1137 үй-бүлөгө атайын эскертмелер берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан