"Жашоо шарты жакшы үй-бүлөлөргө 1 сом 48 тыйындан сатуу сунушу бар". Садыр Жапаров электр энергиясына болгон жаңы тарифтерди сунуштады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде энергетика тармагынын ардагерлери жана энергетикалык компаниялардын жетекчилери менен болгон жолугушууда калк үчүн 700 кВт/с лимитти алып салуу боюнча маселени карап чыгууну сунуштады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Мамлекет башчысы электр энергиясына болгон тариф маселесин талкуулоо учурунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн төлөмдү 74 тыйынга чейин төмөндөтүп, турмушу начар болгон үй-бүлөлөр үчүн чекти алып салуу боюнча сунушу бар экенин белгиледи.

Анын айтымында, учурда социалдык камсыздоо мекемелери 110 миң аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жөнүндө маалымат беришкен. Бирок жергиликтүү бийлик жана энергетикалык компаниялар менен биргеликте кошумча тактоо иштерин жүргүзсө, бул тизме кеңейиши мүмкүн.

Садыр Жапаров ошондой эле чектөөлөрдү алып салып, жашоо шарты оор, алыскы жана тоолуу аймактардын жашоочуларына электр энергиясын 1 сом 04 тыйындан сатуу, жашоо шарты жакшы үй-бүлөлөргө чектөөлөрдү алып салуу менен 1 сом 48 тыйындан сатуу сунушу бар экенин кошумчалады.

Бирок президенттин белгилешинче, суунун тартыштыгына байланыштуу колунда бар үй-бүлөлөргө кышкы мезгилдерде электр энергиясын пайдалануу 1000 Квт сааттан ашса 2 сом 29 тыйындан болсун деген сунуштар бар. Бул бүгүнкү күндөгү электр энергиясынын өздүк наркы.

“Кудай буюрса, сууну толтуруп алсак, кийин чектөөнү алып салабыз. Бүгүн суунун көлөмү жогорулай баштады. Ушундай кылганыбызда гана биз 2025-жылга барып энергетикалык кризистен чыгат экенбиз”, - деп баса белгиледи ал.

Мамлекет башчысы эмне үчүн аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана алыскы тоолуу райондордо жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө төмөнкү тарифтик көрсөткүчтөр сунушталып жатканын айтты.

"Мындан ары биз бардык тармактарда реформаларды жүргүзүүдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн артыкчылыктуу болушуна көбүрөөк көңүл бурабыз", - деп айтты президент Садыр Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
talant87
2021-04-21 20:38:30
Мага тегиз 1сом кылса макул болмокмун андан ашса капа болбогула демекмин
+7
arno2008
2021-04-21 20:44:21
Квартиралар жүргөндөр канча сомдон төлөшөт?
+6
modem4999
2021-04-21 20:56:07
Садырчылар кандайсынар, апрелде арзандатат деп атпадынар беле?
+13
futboler
2021-04-21 21:12:43
Лампичкабыз кантип жанат эми)))
+8
Ngazi
2021-04-21 21:23:17
Электр энергиясында 2 эле маселе бар. Биринчиси уурулук - негизинен чоң ишканалар уурдашат, анан списание кылышат, потеря деп жазышат. Экинчиси - сууну туура пайдалана албай жатабыз, коңшуга керек болгондо агызып, өзүбүзгө керек болгондо жок. Уурулук менен суунун ысрап кылганды токтотсок эле кризис болмок эмес. Бааны негизинен энернетика компанияларын чет өлкөлүктөргө сатаар алдында кеп кылышчу эле, андай эместир деп үмүт кылам.
+7
ruslan868600
2021-04-21 21:45:09
азаматсың,бул бийлике башынан каршы болгом,башынан бери өрдөктөр уча берип,мына эми ушу бизге ашыкча болгон 700 кв лимитти алып салса деп турсан кайра баа кымбаттайт.
+8
anash
2021-04-21 22:37:09
Бул бийликтинда омуру кыска болот окшойт итак эле кышта свети толоп аран чыгабыз эми олгондун устуно комгон кылат экенда кандай умут менен шайлады эле эл эх атин кайран кыргыз
+6
Dembele84
2021-04-21 22:42:41
Тооба, айта берет,созунон кайта бере турган Айшакан эле болуп алды го бул Садырынар!Элдин пайдасына бир норма нерсе чечип бере алабы бул киши озу?Элди тоноп,жер,суу саткандан башка иш кылбады!
+5
Paprikafm
2021-04-21 23:06:20
Кичине сабырдуу болгулачы кыргызым, Садыр бир озу каяка жетишсин, андан коро колдон буттан алып жардам берели,дегеним токту уурдабагыла, электр энергиясында канча башчы иштесе ошонун баары уурдайт, мен факты билем,айылда сотун да акимин да башкан да толобойт.
-12
ahun72
2021-04-22 00:12:34
Уу коргошунду ичип жөөн отурганыбызда мындай дебейт беле
+2
Datka7777
2021-04-22 00:12:57
Копко барбайт го бул акмак
+8
Nursul
2021-04-22 11:33:02
Аябай надоел кылышты бала чакамды багайын деп иштеп кетсе да пособясын чыгарбай коюшат анда тиричилик кылбай эле ошол 900 сомунарды карап отура бериш керекби
+2
Ozgocho111
2021-04-22 18:17:50
Калын эл ансыз деле айлыктын аздыгынан, тамак аштын кымбаттыгынан жапа чегип атканда, олбо жаным олбо деп кредит менен тиричилик кылып атканда ушул эле жетпей атты эле...
+1
Ozgocho111
2021-04-22 18:18:10
менин коменттарийим чыкпай жатат
0
Taalaibek.
2021-04-23 03:53:21
Тарифти эки болуп токтурбай эле 0,74 тыйын эле кылгыла.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан