Индияда тик учак унаа жолуна конууга аргасыз болду (видео)

Индияда тик учак башкаруу системасындагы мүчүлүштүктөн улам унаа жолго авариялык конууга мажбур болду.

NDTV телеканалы билдиргендей, кечээ, 7-июнда Кедарнатхты көздөй бара жаткан тик учак техникалык мүчүлүштүккө учурагандыктан Уттаракханд штатындагы унаа жолго конууга аргасыз болгон.

Учактын ичиндеги беш жүргүнчү жабыркаган эмес. Ал эми учкуч жеңил жаракат алган. Тик учак конуу учурунда куйрук ротору менен жолдо токтоп турган унаага зыян келтирген.

08.06.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан