Украинада карантин 30-июнга чейин узартылды

Украина бийлиги коронавирус пандемиясына байланыштуу өлкөгө киргизилген өзгөчө кырдаал режимин дагы 2 айга узартты. Бул тууралуу 21-апрелде өткөн брифингде Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышты.

Андагы маалыматка ылайык, өлкөдөгү эпидемиологиялык абал туруктуу эмес. Коронавирус илдети аныкталгандардын саны күндөн-күнгө өсүп жаткандыгына байланыштуу карантиндик чараларды 30-июнга чейин узартуу чечими кабыл алынды.

"Жарандар санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сактоосу керек. Май айында майрамдар көп болот, бул күндөрү адамдардын массалык чогулуусу вирустун жайылышына алып келет. Санитардык чараларды бардыгыбыз көзөмөлгө алуубуз шарт", - деген ал өз билдирүүсүндө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан