"Фейсбук аркылуу аймактар аралык кастыкты козутууда" деген арыз түшкөн. Гүлзат Аалиева камакка алынды

Кечээ, 21-апрелде философия илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзат Аалиева камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май РИИБине ушул жылдын 19-февралында Д.У. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээси "Фейсбук социалдык тармагы аркылуу дин жана аймактар ​​аралык кастыкты козуткан Гүлзат Аалиева аттуу жаранга чара көрүүнү суранам" деп жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 313-берене "расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү 1973-жылы туулган Гүлзат Аалиева тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Мындан тышкары Аалиеванын жарыялаган билдирүүлөрүнүн мазмуну боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери уланып жатат", - деп билдиришти аталган райондун басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Rakyl12
2021-04-22 11:40:30
Ушу эжеке ушуну кормок, оз акылы озуно душман деп айтылат.
+12
Take90
2021-04-22 12:10:16
Эн туура кылды ушуну кормок эле
+7
Ozgocho111
2021-04-22 12:19:38
Жанагы инстаграмдагы ушул эмеспи, тантырап аткан
+3
Zarema11
2021-04-22 12:44:41
Орозонун ыйык күнүндө жоолука асылбай койсо болмок да өзү. Азыр акылдуулар көөп . Анан бироо бар эле го тилине ээ чыга албаган аны да бир элге чыныгы жүзүн көрсөтүшсө жакшы болмок. жердикчилдер.....
+6
xnurgul_gul
2021-04-22 12:53:13
Рас кылды ушуну. Фейсбукта отуруп алып адамдарды уулап отуручу эле акмактар аралык кастыкты козутуп,намаз окугандарга асылып.
+2
zhazgul98
2021-04-22 13:04:57
Келгин башка элдердин каада-салттарын, баш кийимдерин диний өңүт менен отургузуу Кыргызстанда 20 жыл мурун башталган. Ушул мезгил аралыгында, ар кандай диндердин, анын ичинде салттуу эмес диндердин өкүлдөрү биздин өлкөдө жеңил ойлуулукту сезишти. Гулзат билимдүү, илимдүү айым. Ал дин аркылуу келип жаткан бөтөн элдердин салтуу баш кийимине каршы журчу. Билимдуу айым болгон сон, ишин башкача алып барса болмок. Мисалы кыргыз айымдарынын сулуулугун, аруулугун, кайраттуулун даңазалап дегендей.
-10
Diyana
2021-04-22 14:38:58
zhazgul98,ушу сен туш келди жерге дооруй берип куйгуздунда
+6
nazira...
2021-04-22 18:40:50
Diyana, чон эле неме окшойт, жаш эмес. Дөөрүгөнү дөөрүгөн чын эле.
+5
elmira.
2021-04-22 15:26:59
zhazgul98,дайым озунчо акылдуусуна берет ушу же созунун мааниси жок
+1
esimdesin
2021-04-22 16:46:47
zhazgul98, Сизге кошулам
-4
JaneEr
2021-04-22 13:46:18
Оштуктарга асылган келинди да камагыла!!!
+6
esimdesin
2021-04-22 16:48:40
Ушуну көрмөк ырас болот деп табалаган туура эмес. Ал да өзүнүн ой пикирин айтууга укуктуу КР нын жараны да.
+2
Mylatka..
2021-04-22 22:16:01
Көп убакыттан бери түндүк түштүк кылып бир Кыргызды экиге бөлүп келчү бул айым.Акыры камакка алынганго...
0
Haanykeim
2021-04-22 22:17:12
Ушуну эле көрмөк акыркы күндөрү өтө-өтө болуп кетти..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан