Миң айдан да жакшы. Кадыр түндүн белгилерин билип алыңыз

Мусулмандардын ыйык китеби Курани Карим түшүрүлгөн миң айдан да жакшы түн Кадыр түндү дүйнө жүзү боюнча көптөгөн адам күтүп жатканы айтпаса да маалым. Бул түнгө сиз да туш болууну каалап, күтүп жатсаңыз керек. Кыргыз өлкөсүнүн мусулмандарынын дин башкармалыгы быйыл Кадыр түн 8-майдан 9-майга караган түнү белгиленерин билдирди. Кадыр түн даана кайсы түндө катылганы бир гана Аллахка маалым болгондуктан, биз аны болжолдуу деп кабыл алып, Кадыр түн Орозо айынын акыркы он түнүнүн биринде болорун анык билип алышыбыз керек.

Бирок ошол он түндүн так түндөрүндө, тактап айтканда 21-23-25-27-29-түндөрүнүн биринде болушу туурасында да көп хадисте айтылган. Ошол хадистердин биринде пайгамбар (Саллаллаху алейхи ва саллам), мындай деп айткан: "Кадыр түндү Орозо айынын акыркы он түнүнүн так түндөрүнөн издегиле". (Сахих Бухари) Андыктан Кадыр түндү издеп, акыркы он түндүн баарында ибадат кылган киши эч жаңылышпайт.

Пайгамбарыбыздын айткандарына карап Кадыр түндүн белгилери төмөнкүлөр деп билсек болот:

  • Бул түнү ысык да, суук да болбойт. Түнкүсүн абанын температурасы мелүүн келип, үшүк жүрбөйт. Катуу шамал болбойт;
  • Бул түн тынч, бейпил келип, асман булутсуз жана жаансыз болот;
  • Бул түндө жылдыздар (кометалар) учпайт;
  • Күн чыкканда ай толгон убактагыдай нурсуз чыгат, анткени бул түнү периштелер жерге түшүп, таң атаарда кайра асманга көтөрүлүшөт. Алардын көптүгүнөн күндүн нуру көрүнбөйт.

Ал эми мусулман адам Кадыр түнгө туш болуп, аны Аллах Таалага ибадат кылуу менен өткөрсө, ал 83 жыл бою ибадат кылгандай сооп таба турган түндү кантип өткөрөбүз? Эмне кылуу керек жана эмне кылганга болбойт? Бул суроолорго жоопту шилтеме аркылуу кирип окусаңыз болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан