Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү белгиленди

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги USAID "Окуу Керемет" долбоору жана башка эл аралык уюмдар менен биргеликте Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүн майрамдоо жумалыгын өткөрүп жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жумалыктын ачылышына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, “Окуу керемет” долбоорунун жетекчиси Лиана Гертч, эл акындары, басмаканалар жана мектеп окуучулары катышты.
Китеп жумалыгынын алкагында Кыргыз өлкөсүнүн бардык китепканаларында концерттик программаларды, сынактарды, театралдаштырылган оюндарды жана китеп окууга байланышкан башка иш-чараларды уюштуруу пландаштырылууда.
"Китеп жумалыгынын негизги максаты - Кыргыз өлкөсүндө китеп окуу маданиятын, айрыкча балдар жана жаштардын арасында жайылтуу, ошондой эле авторлордун, басмаканалардын, мугалимдердин жана башка адамдардын өлкөнүн социалдык жана маданий өнүгүшүнө кошкон салымын жайылтуу болуп саналат.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар көргөзмөлөргө, китептердин бет ачарларына, театралдаштырылган оюн-зоокторго, викториналарга жана сынактарга катыша алышат. Ошондой эле иш-чаранын алкагында кыргыз басмаканаларына жаңы чыккан китептер менен таанышып, арзан баада сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондой эле мастер-класстар, жаңы гаджеттер жөнүндө көптөгөн кызыктуу маалыматтарды ала алышат", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан