Атаман каймана аты менен таанымал болгон кыргыз мушкери Рафаэль Физиев UFC уюмунун жылдызы, америкалык мушкер Кевин Лини беттеше чакырды. Бул тууралуу кыргыз мушкери өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып, америкалык мушкерди тоодон издеп жүргөн видеосун жүктөдү.
"ТОП-15тин мушкери Кевин Ли дайынсыз болууда. Сураныч, аны табууга жардам бериңиздер", - деп жазды Физиев.
Рафаэль Физиев акыркы беттешин 2020-жылдын декабрь айында өткөрүп, анда бразилиялык мушкер Ренато Мойкано менен кез келип, беттештин биринчи бөлүгүндө эле атаандашын нокаутка учураткан.
Кевин Ли өзүнүн акыркы беттешин өткөн жылдын март айында бразилиялык мушкер Чарльз Оливейрага каршы өткөрүп, үчүнчү бөлүктө муунтуу ыкмасы менен утулуп калган.