Ырчылар Айпери Кулбаева жана Венера Назаралиева Түркия мамлекетине эс алууга кетишти. Эс алууга курбулары менен барганын айткан Айпери айым буларга токтолду.
"Түркия мамлекетине үчүнчү ирет келип жатам. Буга чейин өнөрдүн, чыгармачылыктын аркасында келгендиктен убакыт кенен болбой, чектөөлөр болчу. Бул жолу бир гана эс алуу үчүн курбуларым менен келдим. Туристтик компания аркылуу келгенибизге байланыштуу Түркиянын 8 шаарына саякаттайбыз. Күн ысык, учурда жоогазындар жапырт гүлдөп жаткан кез экен. Түркияда апрель айында жоогазын фестивалы өткөрүлүп турчу", - дейт ал.