Бишкекте өткөн ишембиликте 680 бак отургузулду

Бүгүн, 24-апрелде Бишкек шаарында ишембилик өтүп, анда шаар боюнча жалпы 680 бак отургузулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Борбор калааны тазалоого 11 миңге жакын адам активдүү катышты. Алардын көпчүлүгү шаардыктар, муниципалитеттин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, райондук кызматкерлер, ошондой эле уюмдардын, ишканалардын жана чарбалык субъектилердин өкүлдөрү. Бүгүнкү күндө 111 тонна таштанды жыйнап, алып чыктык. Таштанды жыйноодон тышкары, бүгүн биз эң көп 680 бак отургуздук", - деп жазылат билдирүүдө.

Бишкек мэриясы жалпы шаардык ишембиликке катышкан жана сүйүктүү шаарыбыздын таза болушуна жардам берген ар бир камкор шаар тургунуна ыраазычылык билдирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан