Коңшу өлкөлөр Өзбекстан менен Тажикстанда коронавирустун айынан азык-түлүккө болгон баа кымбаттап кеткени кабарланган эле. Коронавирустун айынан азык-түлүккө болгон баа кымбаттадыбы? SUPER.KG порталы бул суроо менен Бишкек шаарындагы "Ош базарына" барып сатуучулардан жана сатып алуучулардан бул суроого жооп издеп келди.
Азык-түлүктү дүң жана чекене баада саткан Камытжан уулу Бакыт азык-түлүк мурункудай эле баада сатылып жатканын, кымбаттабаганын айтып, буларга токтолду: "Азык-түлүк бизде мурунку эле баасында сатылууда, кымбаттай элек. Мындан ун гана коронавирус баштала электе эле 100-150 сомго кымбаттаган. Азыр тескерисинче элде акча жокпу билбейм, сатып алгандар азайып кетти".
Базарда көп жылдан бери азык-түлүк сатып иштеген Гүлбайрам Жумабекова дагы азык-түлүк мурунку эле баасында сатылып жатканын, Кытайдан келген азык-түлүк гана бир аз кымбаттаганын айтты: "Биздин азык-түлүктөн кесме менен ун азыркы тарап жаткан оору чыга электе бир аз кымбаттаган. Май, чай болсо мурунку эле баасында, андай деле өсүү жок. Эл күнүмдүк эле азык-түлүктөрүн алып жүрүшөт. Кардарлар тараптан дүрбөлөңгө түшүүнү көргөн жокмун. Кытайдан келген крахмал, баклажан, калемпирлер гана чек ара жабылганына байланыштуу бир аз кымбаттады".
Ал эми сатып алуучу Эркинбай кызы Каныкей ашкана иштетээрин, базарга бат-баттан келип тургандыгын айтып, буларга токтолду: "Мен жакында эле Сокулукка ашкана ачкам. Бул базарга бат-баттан эле келип турам. Азырынча кымбаттаганын деле байкай элекмин. 3-4 ай мурун Орусиядан келгем. Ага чейин кандай баада сатылып жатканын билбейт экенмин. Азык-түлүк мурунку эле баасында сатылууда. Кээде гана 5-10 сомго жогорулайт, кайра түшөт".
Өткөн аптада SUPER.KG порталы Бишкек шаарындагы жашылча-жемиштерди дүң жана чекене баада саткан “Сары-Өзөн” базарына барып, репортаж жасаган. Аталган базардын сатуучулары айрым жер-жемиш, жашылчалар кымбаттаганын айтып беришкен.