Белгилүү ырчы Чолпон Талипбек Казакстандагы кинокомпаниялардын биринде продюсер катары иштеп жатат. Бул тууралуу ырчы өзү SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, Алматы шаарындагы чоң компаниялардын биринде өзүнүн кесиби менен иштөөгө мүмкүнчүлүк жаралган.
"Мен окууну Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство институтун Телевидение жана радио режиссёру багытында аяктагам. Ошондуктан кино тармагында иштесем деп ойлонуп жүрчүмүн. Өзүмдүн кесибим менен иштөөгө жакшы мүмкүнчүлүк жаралды. Азыркы учурда Казакстанда кино жаатындагы чоң компанияда продюсер катары иштеп жатам. Өзүмдү башка тармакта сынап көрүү мага абдан кызыктуу болуп жатат. Окуп да, иштеп да жаткан кезим. Жакында жакшы жаңылыктарым менен бөлүшөм деп үмүттөнөм", - деп билдирди ырчы.