Биз социалдык тармакта

"Көк-Ташта азыр да ок атышуу токтой элек" дейт жергиликтүү тургун

Кечээ, 28-апрелде Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Көк-таш айылында жайгашкан Кыргыз-Тажик чек арасында чыр чыкканы кабарланган. Анда чыр Ак-Суу дарыясынын жээгиндеги Тажикстан менен чектешкен чек арадан 3-4 метр аралыкка тажик тарап шагыл түшүрүп баштаган. Кыргыз өлкөсүнүн чек арачылары ишти токтото турууну өтүнүшкөн, бирок Тажикстандын атуулдары кыргыз чек арачыларынын талабына карабай ишин токтоткон эмес.

Андан соң тажик тарап Головной тилкесиндеги электр мамыларына видео байкоо орното баштаган. Ага Чек ара кызматынын кызматкерлери барып, видео камераларды уруксатсыз орнотууну токтотууну талап кылган.

Азыркы тапта аталган жерде ок атышуу дагы да уланып жатат. Бул тууралуу Көк-Таш айылынын тургуну кабарлады. Айтымында, алар октун үнүн угуп, сыртка чыга албай, тынчсызданып отурушат.

"Бизде сыртка чыгууга мүмкүнчүлүк болбой жатат. Анткени азыр да октун үнү угулгандыктан абалыбыздан кооптонуп, имаратта кармалуудабыз", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gulina90
2021-04-29 12:37:36
Эшектер м-н согушуп эле кетиш кк биздин чоңдор баргыча отура беришеби ,балдары кичинелер үйдөн чыгалбай коркушуп.
0
Zarema11
2021-04-29 14:02:27
Бычака сап болчу бир гана эл жана карапайым жоокерлер. Силерде гана үмүт. Чоң деп шайлангандардан эч нерсе чыкпайт. Андан көрө силерге күч кубат берсин Жараткан өзү коргосун. Акмак тараптын сазайын бергилечи.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан