Биз социалдык тармакта

УКМК: "Камчыбек Ташиев Баткенге качан барары белгисиз"

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге качан барары белгисиз. Бул тууралуу SUPER.KG порталы аталган мекеменин басма сөз кызматына байланышканда белгилүү болду.

"Азыркы учурда маалыматтар чогулуп жатат. Иштер жүрүп жатат. Эгерде бара турган болсо маалымат беребиз", - деп билдиришти мекемеден.

Кечээ, 28-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуду. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, алгач тажик жарандары эки өлкөнүн кесилишкен жеринен шагыл жүктөөгө аракет кылышса, кийинчерээк Головной суу алуучу жайына тажик чек арачылары көзөмөл камераларын орнотушкан. Буга нааразы болгон кыргыз тарап камераларды алып салууну талап кылып, ортодо эки тараптан 100-150 тургун чогулуп, чыр чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Aibek_eka
2021-04-29 13:01:39
Барбайбы батыраак кандай маалымат чогултуп жатат барып кыргыздарга да атканга приказ берсин тажиктер атып жатат
+9
Urmat78
2021-04-29 13:01:47
Былтыр эле чек арада чыр чыкса элге жагыш учун барып атты эле.Бийликти жамандап келип чечишпейт деп.Мына колунда бут бийлик бар жер саткандан колу бошобой мурдагы убадаларын унутту
+12
Jigit25
2021-04-29 13:05:28
Urmat78, туура айтасын
+7
Shabi
2021-04-29 14:45:20
Urmat78,туура айттын.бул дагы озун пиарлаганды ото жакшы корот экен да.
+1
bond02
2021-04-29 13:23:29
Чыр токтогондо эле барсын эми.
+4
Zhanara82
2021-04-29 13:55:55
bond02,ага чейин Кыргыздар таяк жеп турабы
+3
bond02
2021-04-29 15:21:28
Zhanara82,ал барса деле чече албаса керек.
+1
Dembele84
2021-04-29 13:57:14
Качан бироо жарым окко учканда барабы
+1
Rashingo
2021-04-29 14:35:03
Башчыга жарыбаган шоорду калк экенбиз го.Чондорго такыр умут очту
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан