Владимир Путин Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын ортосундагы жаңжалды жөнгө салууда ортомчулук кылууга даяр

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын ортосундагы жаңжалды жөнгө салууда ортомчулук кылууга даяр экендигин анын басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

"Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) жана ушул сыяктуу жалпылыгыбызды эске алганда, Путин Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалды жөнгө салууда ортомчулук кылууга даяр. Ал буга чейин дагы мындай кырдаалдарда ортомчулук кылып келген. Учурда эки өлкө ортосундагы дипломатиялык иштерге жана ок атууну токтотуу чечимине оң баа берип, кубаттайбыз", - деди мамлекет башчынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков жыйында.

Эске салсак, Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасында эки өлкөнүн аскер күчтөрүнүн ортосунда атышуу болгон. Учурда кыргыз тараптан жаракат алган адамдардын саны 134кө жетип, 13 адам каза болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
abusait
2021-04-30 17:31:55
Жардам сураш керек Путинден. Биздикилер артык кылабыз деп тыртык кылышты.
0
Rifle_I
2021-04-30 17:37:16
abusait,Путин точно жардам береби же конфликт юолуп турушуна кызыктарбы ?
+4
munduz2016
2021-04-30 18:02:36
Rifle_I,албетте кызыкдар да.
+3
Lina2020
2021-04-30 18:46:22
abusait,Жардам сурап жүрүп ушул күнгө келдик го. Эртең эле шылтоо менен Кыргызстан эптей албады деп эгемендүүлүгүбузду алып коёт бул киши. Кылгылыкты кылган да ушул. Баш маңканын баары окелерде.
0
munduz2016
2021-04-30 18:01:56
Акырын "ишти" кылышып ортомчулук да кылып коюшат окемдер
+4
Egizderim-baktim
2021-04-30 19:02:35
Кандай болсо дагы абалды жонго салыш керек деп ойлоймун. Путинби, башкасыбы аралашсын туболуко чечиш керек а то ар жылы кырылып баратабыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан