Бүгүн, 1-майда президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Анда эки тараптуу жана регионалдык кызматташуунун актуалдуу багыттары, анын ичинде мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги акыркы окуяларга байланыштуу маселелер талкууланганын президенттик аппараттан билдиришти.
Тараптар биргелешкен аракеттердин натыйжасында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал турукташып калганын канааттануу менен белгилешкен.
"Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзийоев өлкөлөрдүн боордош элдеринин ортосундагы достукту жана ынак коңшулук мамилелерди чыңдоо максатында учурдагы аймактык бардык көйгөйлөрдү конструктивдүү жана ишенимдүү диалог аркылуу чечүү ниетине бекем турушарын дагы бир жолу ырасташты", - деп айтылат маалыматта.