"10-январга караган түнү Баткен районунун Көк-Таш айылында тажик тарап Кыргыз жарандарына таш ыргытып, ок атышкан болчу. Ошондо үйлөрүн коргоо үчүн чыккан төрт жаранды милиция кызматкерлери кармап кетти, бул мыйзамсыз", - дешти бүгүн, 13-январда Ак Үйдүн астына топтолгондор.
Алар төрт жаран ок атылып, таш ыргытылып жатса үй-бүлөсүн, жакындарын, жерин коргоо үчүн чыккан деп айтышып, кармалган төрт жаран тез арада чыгышы керектигин бийликтен талап кылышты.
"Провокация кылды деп кармашты, ал эми ок атып, таш ыргытуу кылмыш да. Тажик тараптын көрсөтмөсү менен ошол төрт жаранды камап коюу - чек арада ансыз да тынчтык көрбөй жашап жаткан жашоочуларга карата кайдыгерлик. Биз алардын тез аранын ичинде чыгарылышын талап кылабыз", - дешти митингге чыккандар.
Ак Үйдүн астына топтолгондордун айтымына караганда, кармалган төрт жаран ушул тапта Кызыл-Кыя шаарындагы милиция бөлүмүндөгү убактылуу кармоочу жайда кармалууда.