Баткендеги тажик тараптын агреcсивдүү кол салуусунан жабыркаган адамдар камкордукка алынып, талкаланган имараттар калыбына келтирилет. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда президент Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол коюп, өлкө элине кайрылуу жасап жаткан учурда билдирди.
"Чек ара чырындагы окуялардан жабыркагандар мамлекет тарабынан камкордукка алынат. Жабыр тарткан айыл, кыштактарды тез аранын ичинде калыбына келтиребиз. Атпай журт айттырбай туюп, көрүп, билгенди мен да көрүп турам. Азыркы учурда экономикалык оор кырдаал мага чейинки бир да президенттин шыбагасына жазылган эмес.
Эңшерилген экономика, түбү түшкөн казына, ал тургай казынаны 20 миллиард дефицит менен алдым. Мен өткөндү жамандап, күнөөлүүлөрдү издегим келбейт. Даанышман элибиз кимдин ким экенин айтпасак деле билет. Буюрса, бул күндөрдөн чыгып кетебиз, ага эрк керек, андай эрк бизде бар", - деди Жапаров.