Бүгүн, 23-март саат 14:00дө Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөн Чотоновдун иши боюнча соттук отурум уланат.
Өлкөдөгү кооптуу кырдаалга, коронавирус пандемиясынын таралышынын алдын алуу үчүн киргизилген карантинге байланыштуу саясатчы аны колдоп, сотуна катышып келген тарапташтарына кайрылуу жолдоду.
Ал өз кайрылуусунда азыркы абалды эске алып, колдоочуларын сотко келбей эле коюуга чакырды.
"Урматтуу менин колдоочуларым, ар дайым сотко катышып, мени жана үй-бүлөмдү колдоп келгениңиздерге терең ыраазымын. Бирок пандемияга байланыштуу киргизилген чектөөлөрдү эске алып, бул жолку соттук отурумга келбей эле коюңуздарды суранам. Үйүңүздөрдө болуңуздар. Сактаныңыздар",- деп билдирди Текебаев.