Өлкөдө ички авиакаттамдардын иши 8-июндан баштап жанданат. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн маалымат жыйынында билдирди.
"Бишкек-Ош каттамы боюнча күнүнө бир жолу учууга уруксат берилет. Көрсөтүлгөн иштин түрлөрүн санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди катуу сактоо менен жаңылоо керек. Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу уруксат берилген экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмесине өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн", - деди ал.