Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан улам Кадамжайга эвакуациялангандардын арасында көз жаргандар бар. Бул туурасында Кадамжай жардам штабынан билдиришти.
Штабдын билдирүүсүнө ылайык, эвакуация болгондордун арасында кош бойлуу келиндер да бар. Алардын үчөө көз жарды. Анын бирөөсү эгиз төрөдү.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен маалыматты тактап жатканын билдиришти.
Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан кыргыз тараптан 178 адам жаракат алып, 34 адам каза болду.