
Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам 34 адам каза болгон. Анын 25тен ашууну миномёттон атылган октон курман болгонун өлкөнүн Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы Головной тилкесинде тажик тарап миномёттон ок атып, анын кесепетинен 25тен ашык жергиликтүү тургун массалык түрдө каза болгон. Учурда саны дагы такталып жатканын айтышат мекемеден.
Ички иштер министрлиги 2-майга карата Кыргыз-Тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышуунун жүрүшүндөгү кылмыштар боюнча
11 материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын маалымдады.
Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан кыргыз тараптан 178 адам жаракат алып, 34 адам каза болду.
Кыргыз-Тажик чек ара аймактарындагы куралдуу жаңжалдан улам жалпы 51 миң 398 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган.