Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун фонду Баткен облусунун жарандарын колдоо максатында атайын эсепке 500 миң сом которду. Бул маалыматты SUPER.KG порталына Баткен облусунун администрациясы тастыктады.
Мурунку мамлекет башчысы каражаттан тышкары аталган аймакка 20 тонна ун жиберген.
Эске салсак, ушул жылдын 28-апрелинде тажик тарап Головной суу бөлүштүрүүчү жайына видео көзөмөл орнотууну баштаган. Тургундар орнотулган камераларды алып салууну талап кылышкан, кийинчерээк эки тарап тең бири-бирине таш ыргытып, чыр ырбап кеткен.
Чыр-чатактын кесепетинен 36 адам каза болуп, 200гө чукул адам жаракат алды.
Тажик тараптын агрессивдүү кол салуусунан кийин 1-майда Баткен облусунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын атайын кызматынын төрагасы Саймумин Ятимов жетектеген Кыргыз-Тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталган.
Анда эки тарап мындан ары эл дайымкыдай тынчтыкта жашап, толук стабилдүүлүк орнойт деген бүтүмгө келишкенин билдиришип, жолугушуунун жыйынтыгында 4 пункттан турган протокол кабыл алышканын жарыялашкан.
Андан 2-3 күн өтпөй Тажикстандын маалымат булактары Кыргыз өлкөсү менен Тажикстан биргеликте Ворухка жол кура турганын жана салынган жолду башкаруу тажик тараптын компетенциясында боло турганын жазып чыкты.
Бул жаңылыктын жарыяланышы жазылган маалымат боюнча Кыргыз тарапты комментарий берүүгө аргасыз кылды.
Көп өтпөй Кыргыз өлкөсү бул маалыматты тастыктап, Тажикстан менен биргеликте Ворухка жол кура турганын расмий кабарлады.
Бул маалымат жарыялангандан баштап азыркы күнгө чейин кызуу талкууланып, кайчы пикирлерди жаратууда.