"Миномёттон үн чыкты, элчиден үн чыккан жок". Жаныш Рустенбековду чек ара чырында издегендер көп болду

Учурда социалдык тармактарда Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Жаныш Рустенбековдун ысымы айтылып, анын чек ара чырында үн катпаганы кызуу талкууга алынууда.

28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан Кыргыз-Тажик чек арасындагы чыр ырбап, эки тараптуу кагылышууга айланды. Дээрлик 4 күнгө созулуп, 179 адамды жабыркатып, 34 адамдын өмүрүн алган коогалаңдуу кагылышууда элчинин элге караан болбогону кыргыз интернет сегментинин кыжырдануусун жаратты.

Элди зарыктыра күттүргөн элчи 1-майда Баткен облусунда Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрү башталган учурда пайда болду. Анда өкмөттүк делегациянын курамында сүйлөшүүдө Рустенбековдун көрүнгөнүн чагылдырган сүрөт жарыяланды.

Нурбек Машанов аттуу социалдык тармактын колдонуучусу "Урматтуу Кыргыз бийлиги, Кыргыз өлкөсүнүн Тажикстандагы элчисин телевизордон бир сүйлөтүп койгулачы, мага окшоп издегендер көп экен. Жашы дагы өтүп калыптыр, жакшысы үйүндө отурсун. Элчи болуп бир маселени чечпеди, катуу эле айтып, жазайын дедим эле жашы улуу аксакал экен", - деп жазды.

Атүгүл элчиге интернет беттеринде ыр арнагандар да бар.

Ай төбөдөн торолду...
Абышкабыз жоголду...
Каңырыш-ушак кеп уктук...
Канышайдан эми уктук...
Тээжиктин каны Рахмон....
Терезе алдын шыпыртып...
Кыйнап жүрөт уктук...
Телмирип элге жете албай...
Ыйлап жүрөт деп уктук...
Кысыталак Рахмон...
Кыргызга кылдың кыянат...
Каяктан ооздо келмең бар...
Айылына жибер Жанышты...
Абышкада эмнең бар?

Ташбү Жамилова аттуу колдонуучу элчи тууралуу төмөнкүдөй пикир калтырган.

"Урматтуу Камчыбек Ташиев, президент менен макулдашып, пенсия жашындагы элчилердин ордуна ошол кесипке окуган, өз ишин мыкты билген жаштардан коюуңуздар. “Жаагыңды жаап, элчи болуп турчу” деп элчи кылбаңыздар. Чыныгы кадрлар мигрант болуп жүрөт. Наркысы эмне күлөт, бизге түшкөн күйүткө күлүп жатабы? Башка элчилерди да караштырыңыз, иш билген жаштарды командага алыңыз".



Жаныш Рустенбеков бул кызматка дайындалганына 3 жылга чукулдап калды.

2018-жылдын 4-декабрь күнү ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, ал Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган.

Элчинин өмүр баяны:

Туулган жылы: 1949-жылдын 25-сентябрь күнү.
Билими: 1968-1973-жылдары – Москва энергетикалык институту;
Ташкент Жогорку партиялык мектеби – саясат таануучу;
Кесиптик тажрыйбасы: 1973 – «Киргизглавэнерго» ишканасыны инженери.
1975-1977-жылдары – инструктор, Лениндик коммунисттик жаштар союзунун Борбордук комитетининин секторунун башчысы.
1977-1981-жылдары – Фрунзе шаарынын Ленин районунун Лениндик коммунисттик жаштар союзунун биринчи катчысы.
1981-1984-жылдары - Ленин районунун Коммунисттик партиянын комитетинин өнөр жай бөлүмүнүн башчысы.
1984-1987 жылдары – Фрунзе шаарынын Коммунисттик партиянын комитетинин уюштуруу башчысынын орун басары.
1987-1992-жылдары – Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун аткаруу комитетинин төрагасы.
1992-1993- жылдары Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун Мамлекеттик башкармалыгынын башчысы.
1993-1994-жылдары - Мамлекеттик катчы, Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчиси.
1994-1995-жылдары - Кыргыз Республикасынын президентинин мамлекеттик катчысы.
1995-1996-жылдары - Ош облусунун губернатору.
1996-2000-жылдары - Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору.
2000-2005-жылдары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты.
2005-жылы - Кыргыз Республикасынын экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучусу.
2005-2007-жылдары - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри.
2007-2011-жылдары – Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси.
2014-2018 – жылдын декабры - Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси.
2018-жылдын декабрынан тарта Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси.

Кошумча маалымат:

"Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси" деген дипломатиялык рангы бар.

Кыргыз Республикасынын бир нече мекемелик сыйлыктар менен сыйланган.

Үй-бүлөлүү, эки кыздын атасы.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Datka7777
2021-05-03 11:15:50
Октябрь районунда зам аким да болгон! Чириген бай
+5
Kuban-1207
2021-05-03 12:19:03
Бул чириген байга элдин кереги жок
+5
Zarema11
2021-05-03 12:47:44
Бул киши да күтүп жүргөн го менимче кээ бир ки депутаттарга окшоп эл тынчытышын таш менен. Анан тынчыганда калп эле элге аралашып жардам жөнөтүп жатам демиш болгондой. Кыргыз жкениме аябай сыймыктанып кеттим. Чоңдор ойгонгонго чейин тик туруп окко учуп болсо да туруштук бергенине.Антпесе кыргызымдын көбү жемек акмак айбандар!
0
Nina.alex
2021-05-03 13:17:09
Тажиктер тарапка туруп алганго. Беркинин кулуп турганы кантет
+1
Nina.alex
2021-05-03 13:18:35
70 тен ашкан чалды кантип посол кылып койдунар
+4
Milduri
2021-05-03 14:17:10
Муну иштен алып ордуна Чынгыз Айдарбековду койгула!!!
+3
Dembele84
2021-05-03 14:43:44
Бул былтыйган Рустамбеков 30жылдан бери бийликте журот.Элге бир пайдасы тийбейт,кумга башын тыккан боюнча журот айлык алып
+1
Sara1993
2021-05-03 16:55:50
Пенсия га чыгыптыр чын эле уйундо жатсын, жаштар буга караганда аябай жакшы иштеп бермек.Дагы канча акча жегиси келип жатат ? Жашы деле, салмагы деле иштегенге жарабай калыптыр даже 1 ооз соз суйлогон жок дароо кетирсин ордунан экинчи келгис кылып .
0
NURSAPAR
2021-05-03 17:25:38
Аксакал эшектин тушоосун чечпеген ден кийин, кысчу жерин жуп кысып үйдө эле жатпайбызбы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан