Баткенде Тажик аскерлердин аткан огунан каза болгон Лейлек районунун Интернационал айылынын тургуну Мадина Рахматжанованын апасы менен сиңдисине операция жасалды.
Бул тууралуу Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси, дарыгер Сабырбек Жумабеков менен байланышканыбызда белгилүү болду. Дарыгердин айтымында, жабырланган эне-баланын абалы азыркы тапта канааттандырарлык.
"Акыбалдары стабилдүү. Эне-кыздын буттарына ок тийип, булчуң эттерин аралап өтүп кеткен. Алар кадимкидей сүйлөп жатышат", - деди Жумабеков.
Эскерте кетсек, Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасындагы кагылышууда 13 жаштагы Мадина Рахматжанова каза болгон. "Кыздын апасы экөөнө ок тийген. Ал ооруканага жетпей каза болгон. Ал эми апасын Бишкек шаарына ооруканага алып келишти", - деп SUPER.KG порталына кыздын агасынын достору билдирген болчу.
Мадина Рахматжанованын сөөгү кечээ, 30-апрелде жерге берилгени маалымдалган.