"Артында калган 6 баласынын эң кичүүсү 8 айлык". Мамасалы Каратаев жарадар жоокерлерди бейтапканага жеткирип бара жатып ок тийип каза болгон

29-апрелде Тажикстандын агрессивдүү кол салуусунан улам 44 жаштагы Мамасалы Каратаев да окко учкан. Анын каза болгону кабыргабызды кайыштырып турат деген маркумдун бир тууган агасы Абдразак Каратаев инисинин кантип, кандай жагдайда окко учканын айтып берди. Айтымында, инисине жаракат алган жоокерлерди бейтапканага жеткирип бара жаткан учурда ок тийген.

"Иним Мамасалы Каратаев 1977-жылы Көк-Таш айылында туулган. Биз 13 бир тууганбыз. Мурун да кичүү иним каза болгон, мына кечээги чырда дагы бир инимден ажырап, арабыз суюлуп бара жатат.

Төрт-Күл каналы курулуп жатканда анда иштегендер биздин үйдө жатып иштешкен. Ал жылдар 1972-жылдарга барып такалат. 29-апрелде Головнойдо чыр болуп жатканда болжолдуу саат 16:30 болчу. Ошол маалда 3 аскер жаңжалдан жаракат алган экен. Окуя болгондо ал жердегилер "ким жардам бере алат?" десе "мен жардам берем" деген иним аларды ооруканага жеткирген. Ошентип иним жаракат алган жарандарды ооруканага жеткирип бара жатып жолдо окко учкан.

Анын артында 4 кыз, 2 уулу калды. Балдарынын эң кичүүсү 8 айлык, ал эми улуусу студент. Улуусу Ошто медициналык окуу жайда окуйт", - деди Каратаев.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Мамасалы Каратаев дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Эске салсак, 28-30-апрель күндөрү Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасында куралдуу жаңжал болуп, анын кесепетинен 189 Кыргыз жараны жаракат алып, 36 жаран каза болгон. Тажик бийлиги расмий түрдө 19 каза болгонун жана 87 жаракат алганын жарыялады.

Тажикстан тараптын кол салуусунан Баткен районунун айылдарында 78 үй, 2 мектеп, фельдшердик акушердик пункт, 3 чек ара заставасы, бала бакча, 10 май куюучу жай, ички иштер бөлүмүнүн имараты жана 8 дүкөн күйүп кетти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KUMKA
2021-05-11 12:28:06
Баатырга таазим...бейишин берсин..
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан