Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев май айынын экинчи жарымында Тажикстанга расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, иш сапар Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча болмокчу.
Касым-Жомарт Токаевдин маалымат кызматы Дүйшөмбүдөгү жолугушууда Борбор Азия аймагындагы кырдаал боюнча пикир алмашуу болот деп билдирди.