Баткенде сөөгү күйүп кеткен үйдүн ичинен табылган маркум үйдө жалгыз жашачу

Кечээ, 3-майда чек ара чырында каза болгондордун тизмесине дагы бир маркум жарандын аты-жөнү кошулган. Анын сөөгү күйүп кеткен үйдүн ичинен табылганы маалымдалган.

Каза болгон жаран Максат айылынын 53 жаштагы тургуну Ражапбай Эгембердиев болгон.

Анын 3 кыз, бир уулу бар экенин тууганы кабарлады. Маалыматка ылайык, маркум жаран мындан 10 жыл мурун жубайы менен ажырашып кеткен.

"Ал окуя болгон күнү үйүндө жалгыз болгондуктан, качып чыга албай калган. Анын колундагы 8-класста окуган баласы калып, ал Максат мектебинде окучу. Кийин ал да Бишкек шаарына апасына кетип калганына байланыштуу Эгембердиев үйдө жалгыз жашап келген. Ал эми 3 кызы тең турмушка узаган", - деди маркумдун тууганы.




Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан