Депутат Бакыт Төрөбаев Кыргыз-Тажик чек арасындагы такталбаган, аныкталбаган жер тилкелери боюнча чечкиндүү иш-чаралар өткөн эместигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-мартта “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынында билдирди.
“Премьер-министр менен сүйлөштүм, ал бир топ иш-чараларды айтып берди. Өкмөт тез арада алдына койгон кандай иш-чаралар болсо ошону аткарышы керек. Кечээ ички иштер министри, вице-премьер-министр Баткенге кетишти. Кыргыз ИИМ кызматкерлери эл менен сүйлөшүү иштерин баштады. Тажик тарап дагы эли менен сүйлөшүү иштерин жүргүзүп жатат. Сүйлөшүү иштери бүгүн дагы уланууда. Көйгөйлөр көп.
6 жылдын ичинде карап чыксак, Кыргыз-Тажик чек арасында 10 жолу курал колдонуу окуялары болуптур. Бул аралыкта такталбаган жерлер боюнча чечкиндүү иш-чаралар өткөн эмес. Өкмөт бул маселени биринчи орунда карап чыгышы шарт. Мындай көйгөйдү дипломатиялык жол менен чечүү зарыл”, - дейт ал.