Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын зордукталганы аныкталды. Бул тууралуу Айзада Канатбекованын жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.
"Мен силерге Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу өзүмдүн утурумдук маалыматымды сунуш кылам. Ушул күнгө карата Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Айзаданы ала качуу жана өлтүрүү боюнча кылмыш ишинин тергөөсүн бүтүрүп, аны сотко жөнөттү.
Маркум Замир Теңизбаев адамды уурдоо, өлтүрүү жана зордуктоого айыпталган. Тергөө Айзаданын зордукталганын көрсөттү. Анткени бул жөнүндө экспертиза белгилегендей, анын бетинде жана буттарында мындай учурларга мүнөздүү болгон дененин сыйрылгандыгы жана канталап көгөргөндүгү аныкталган.
Ала качуунун 5 катышуучусу дагы оор кесепеттерге алып келген адам уурдоого айыпталып жатышат. Тергөөчү жана прокурордун кеңешүүсүнөн кийин бул иш-аракетти "никелешүү максатында адам уурдоо" эмес, "адам уурдоо" катары сыпаттоо керек деп чечилген. Ошентсе да көптөгөн кемчиликтерге карабастан, тергөөчү бул ишти сотко жиберүүгө шашылды. Акылга сыйбаган бул иш-аракет дале болсо уланууда", - деп билдирген ал.
Окуянын чоо-жайы:
27 жаштагы Айзада 5-апрелден бери дайынсыз болуп, сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада унаадан табылган.
Бишкек шаардык милиция кызды уурдоого шектүү алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирген.
Каза болгон кыз менен жигиттин сөөгүнө экспертиза дайындалды. Кийинчерээк Бишкек ШИИББинин жетекчилиги маалымат жыйын өткөрүп, Айзаданын өлүмүнө шектелген жаран 6 жылдан ашык түрмөгө отуруп чыкканын, үй-бүлөсү бар экенин маалымдады.
Алгачкы маалыматтарга ылайык, Айзаданы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күч менен унаага салып кеткени тууралуу видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер реакция кылышкан эмес.
Буга байланыштуу Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өтүүдө.
8-апрелде Айзаданын сөөгү Балыкчы шаарында жерге берилди. Аны уурдоого шектелгендердин бардыгы кармалып, СИЗО-1ге камакка алынышкан.
30-апрелде Бишкек ШИИББи Айзада Канатбекованы уурдоо боюнча тергөө амалдары аяктап, иш сотко жөнөтүлгөнүн кабарлаган.