Түркия өкмөтү өлкөдө коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн бир катар жаңы чектөө чараларын киргизди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, дүкөндөр менен супермаркеттер эми эң керектүү товарларды гана сата алышат. Электрондук буюмдарды, оюнчуктарды, канцелярдык буюмдарды жана кийимдерди сатуу убактылуу токтотулат. Ошондой эле Түркиянын жашоочулары жакынкы аралыкта унаа аксессуарларын, текстиль жана айнек буюмдарын сатып ала алышпайт.
Белгилей кетсек, Түркияда 29-апрелде саат 19:00дөн баштап 5:00гө чейин толук карантин чаралары киргизилген. Бардык кеңселер, жумуш орундары (ИИМдин кеңсесинен башка) жабылган. Шаарлар аралык транспорттор уруксаттын негизинде гана каттам жүргүзө алат.