Финансы министрлигинин административдик эсебине 24-мартка карата 11 миллион 300 миӊ сом акча түшкөн. Бул тууралуу онлайн жыйын учурунда биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов билдирди. Айтымында, коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган эсеп жана ага түшкөн акчалар тууралуу коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда. Мындан улам алар эсептин суммасын жана анын коротула электигин айтууну туура көргөн.
"Азырынча жогорудагы сумманын бир сому дагы коротула элек. Каржылоо жана каражаттарды бөлүштүрүүнүн ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында, комиссия түзүлүп, анын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, жарандык активисттер жана коомдук ишмерлер кирет", - деп билдирди Боронов.